17 декабрь, 10:57, Бишкек сааты
17 декабрь, 12:57, Куала-Лумпур сааты
Элчилик Кыргыз Республикасы Консулдук бөлүм Жаңылыктар Пайдалуу шилтемелер

МПК

Малайзиянын жана Кыргызстандын өкмөттөр аралык комиссиясы (ӨАК)

Атайын комиссиянын биринчи отуруму 1998-жылдын 27-январында өткөрүлгөн. Анын жүрүшүндө Кыргыз Республикасын экономикалык изилдөөнүн Жыйынтыктоочу Отчётунун сунуштарын ишке ашыруу боюнча Кыргыз-малайзиялык атайын экономикалык комиссиянын Жобосунун долбоору, Жыйынтыктоочу Отчёттун сунуштарын ишке ашыруу боюнча Келишмдин долбоору, ошондой эле Жыйынтыктоочу Отчёттун сунуштарын ишке ашыруу боюнча КРнын министрликтеринин жана мекемелеринин сунуштары каралган.

Экинчи отурум 1998-жылдын 15-16-декабрь күндөрү Куала-Лумпур шаарында КРнын Малайзиядагы ыйгарым укуктуу элчиси М.Абыловдун жетекчилигин астында өткөрүлгөн. Жыйындын жүрүшүндө эки өлкөнүн Борбордук банктарынын ортосундагы өз ара төлөмдөрдү камсыздоо боюнча Келишимдерди бекитүү мүмкүнчүлүгү,  аба тейлөө жана кош салык салуудан качуу, техникалык кызматташтык (адистерди окутуу) боюнча КРга гранттарды берүү маселелер каралган.

 Үчүнчү отурум 2001-жылы өткөн. Ушул эле жылы «Кыргыз Республикасына түз чет өлкөлүк инвестицияларды колдоо» аталышындагы экинчи биргелешкен экономикалык изилдөө бүткөрүлгөн. Малайзиялык адистер өз отчётунда кыргыз экономикасына жана анын айрым тармактарына эксперттик баа беришкен, кемчиликтерди аныкташкан, өнүгүп жаткан өлкөлөрдүн тажрыйбасын эске алуу менен кемчиликтерди жоюу жана Кыргыз Республикасынын инвестициялык кызыкчылыгын жакшыртуу боюнча сунуштарын айтышкан.

2001-жылдын сентябрь айында Бишкек шаарында Кыргыз-малайзиялык экономикалык биргелешкен комиссиянын төртүнчү отуруму өткөн. Малайзия тарабынан Кыргызстандын айыл-чарба продукцияларын кайра иштеп чыгууга жана экспорттоого кызыкдар жеке ишкерлер катышкан. Бизнес-делегация КРнын Айыл, суу чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министрлиги даярдаган программада катышкан. Бул программага ылайык, делегаттар Ош, Баткен, Чүй жана Ысык-Көл облустарынын агрардык тармактын мүмкүнчүлүктөрү менен таанышышкан.

Бешинчи отурум 2002-жылдын 25-27-октябрь күндөрү Куала-Лумпур шаарында (Малайзия) КРнын Премьер-министринин Аппаратынын Экономика, инвестициялар жана мамлекеттик мүлкөр башкармалыгынын начальниги Цой Ман Сунун жана Малайзиянын Премьер-министринин Аппаратынын Экономикалык пландоо боюнча башкы башкармалыгынын директору Датук Вира Искандар Дзакурнайн бин Бадарудиндин төрагалыгынын астында өткөн.

Комиссиянын алтынчы отуруму 2009-жылдын 22-апрелинде Бишкек шаарында КРнын Мамлекеттик мүлк башкаруу боюнча комитетинин башчысы Т.Турдумамбетовдун жана Малайзиянын Тышкы иштер министрлигинин башкы катчысы, Экономикалык пландоо боюнча бөлүмүнүн директору Тан Сри Д-ра С.Махбобанын төрагалыгын астында өткөн.