17 декабрь, 10:57, Бишкек сааты
17 декабрь, 12:57, Куала-Лумпур сааты
Элчилик Кыргыз Республикасы Консулдук бөлүм Жаңылыктар Пайдалуу шилтемелер

Укуктук база

КЕЛИШИМДИК-УКУКТУК НЕГИЗ

Малайзия менен Кыргызстандын ортосундагы эл аралык келишимдер

1. Кыргыз Республикасы менен Малайзиянын ортосундагы дипломатиялык мамилелерди түзүү жөнүндө документ. (1992-жылдын 2-апрели).

2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Малайзиянын Өкмөтүнүн ортосундагы Экономикалык, илимий жана техникалык кызматташтык жөнүндө келишим (Куала-Лумпур шаары, 1995-жылдын 18-июлу).

3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Малайзиянын Өкмөтүнүн ортосундагы Соода келишими (Куала-Лумпур шаары, 1995-жылдын 20-июлу) Келишим 1997-жылдын 12-февралында күчүнө кирген.

4. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Малайзиянын Өкмөтүнүн ортосундагы Визалык режимди жарым-жартылай жокко чыгаруу жөнүндө келишим. (Куала-Лумпур шаары, 1995-жылдын 20-июлу).

5. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Малайзиянын Өкмөтүнүн ортосундагы Инвестицияларды сыйлоо жана коргоо жөнүндө келишим. (Куала-Лумпур шаары, 1995-жылдын 20-июлу).

6. Кыргыз Республикасы менен Малайзиянын ортосундагы Кызматташтыктын принциптери жана багыттары жөнүндө Биргелешкен декларация. (Бишкек шаары, 1996-жылдын 16-июлу).

7. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Малайзиянын Өкмөтүнүн ортосундагы Кош салык салуудан качуу жана кирешеге салыкты төлөөдөн баш тартууну болтурбоо жөнүндө келишим. (Куала-Лумпур шаары, 2000-жылдын 17-ноябри). 

Келишим 2006-жылдын 26-декабрында күчүнө кирген.
8.  Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Малайзиянын Өкмөтүнүн ортосундагы Аба каттамы жөнүндө келишим. (Куала-Лумпур шаары, 2000-жылдын 17-ноябри). 

9. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Малайзиянын Өкмөтүнүн ортосундагы Туризм тармагындагы кызматташуу жөнүндө келишим. (Куала-Лумпур шаары, 2000-жылдын 17-ноябри).

 

Малайзия менен Кыргызстандын мекемелер аралык келишимдери
 

1. Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы менен Малайзиянын Негара банкынын ортосундагы өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандум

(Куала-Лумпур, 1995-жылдын 20-июлу)

2. «Кыргызстан аба жолдору» Улуттук авиакомпаниясы менен Малайзиялык авиациялык мекемелердин ортосундагы өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандум.

(Бишкек, 1996-жылдын 17 июлу)

3. Кыргызстандын Кара-Балта тоо-кен комбинаты менен Малайзиялык тоо-кен корпорациясынын менен Талды-Булак Сол жээк кени боюнча башкы келишим.

(Бишкек, 1996-жыл)

4. Кыргыз Республикасынын «Бишкек» эркин экономикалык аймактын Башкы Директораты менен Малайзиянын Dara Pasific SMD мекемесинин ортосундагы өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандум.