18 июнь, 5:46, Бишкек сааты
18 июнь, 7:46, Куала-Лумпур сааты
Элчилик Кыргыз Республикасы Консулдук бөлүм Жаңылыктар Пайдалуу шилтемелер

Туризм

Кыргыз Республикасы жөнүндӨ

Жайгашканы: Кыргыз Республикасы Орто Азиянын түндүк-чыгышында жайгашкан жана Тянь-Шань тоо системасынын батыш бөлүгүн жана түндүк Памир-Алай тоолуу аймагын ээлейт. Өлкөнүн аянты 199,9 миң чарчы чакырым. Кыргызстан тоолуу өлкө, анын жалпы аймагынын 80 пайызынан көбү деңиз деңгээлинен 1500 метр бийиктикте жайгашкан (тоолор 94 пайыз: анын ичинен бийик тоолор 70 пайызды, башкалар 24 пайызды жана түздүктөр 6 пайызды түзөт). Өлкөдөгү эң бийик тоолор: Жеңиш чокусу – 7439 метр, Ленин чокусу – 7134 метр, Хан-Тенги чокусу – 6995 метр. Кыргызстан төрт мамлекет менен чектешет. Кыргызстандын чек арасынын жалпы узундугу 4508 чакырым. Анын ичинде Казакстан Республикасы менен – 1113 чакырым, Өзбекстан Республикасы менен – 1374 чакырым жана Тажикстан Республикасы менен – 972 чакырым, Кытай Эл Республикасы менен – 1049 чакырым.  Республиканын эң чоң көлдөрү – Ысык-Көл, суу бетинин аянты 6236 чарчы чакырым (максималдуу тереңдиги 668 метр); Соң-Көл – аянты 275 чарчы чакырым жана Чатыр-Көл – бетинин аянты 175 чарчы чакырым.

Негизги шаарлары: Республиканын борбору – Бишкек шаары (1,200 миң киши). Ошондой эле, чоң шаарлардын катарына Ош шшаары (600 миң киши), Жалал-Абад шаары (90,3 миң киши), Каракол шаары (64,2 миң киши) кирет. Административдик-аймактык бөлүнүү боюнча республика 7 облуска жана 43 районго бөлүнгөн. Нарын, Талас, Жалал-Абад, Баткен шаарлары өлкөнүн облустук борборлору болуп саналат.

Тилдер: Кыргыз тили – мамлекеттик тил, орус тили расмий тили статусуна ээ.Улуттук валюта – сом (100 тыйын).

Өлкөдө белгиленчү күндөр: 1-январь – Жаңы Жыл, 7-январь – Иса пайгамбардын туулган күнү, 23-февраль – Ата-Мекенди коргоо күнү, 8-март –Эл аралык айымдар күнү, 21-март – Нооруз, 1-май – Эмгекчилердин эл аралык майрамы, 5-май - Эгемендүү Кыргыз Республикасынын Конституциясы кабыл алынган күн, 9-май – Улуу Жеңиш күнү, 31-август – Кыргыз Республикасынын Эгемендүүлүк күнү, Орозо айт жана Курман айт – мусулмандардын диний майрамдары (ай календары боюнча).

Саясий түзүлүшү: 1991-жылдан тарта Кыргыз Республикасы – көз карандысыз эгемендүү мамлекет. Бийлик мыйзам чыгаруучу, аткаруучу жана соттук бийликтерге бөлүнүү принцибинде негизделген.

Климат: Кыргызстандын климаттык шарттарына ылайык континенталдуу болуп мүнөздөлөт, кышы муздак, жайы ысык, бул деңиз деңгээлинен бийик жайгашкандыктан көз каранды. Жаан-чачындар көбүнчө, күз, кыш жана жаз мезгилдеринде жаайт, жай мезгили көпчүлүк учурда кургакчыл болот.

Курорттук жана ден соолукту жакшыртуучу туризм

Ысык-Көл жана анын айланасындагы пансионаттар, эс алуучу жайлар жана курорттор ири туристтик мүмкүнчүлүктөрдү түзөт. Чет өлкөлөрдөн келген туристтер Ысык-Көлдөгү тоолуу климатты, тунук таза сууну, жээктеги дарылоочу баткактарды (ылай), минералдык булактарды жана кооз ландшафттарды мыкты баалашат.

Тоо лыжа туризми

Кыргызстандын тоолуу аймагы лыжа тебүү үчүн абдан ыңгайлуу жер. Аймакта өнүккөн инфраструктурага жана лыжа тебүү трассаларына ээ болгон ондон ашуун курорттор бар. Мындан тышкары, инвесторлор жаңы заманбап курортторду курууга каражат кошушууда. Тоо лыжа базалары Тянь-Шандын тоо системиндеги жана Кыргыз Ала-Тоо кыркасындагы 2 миңден 4,5 миңге чейин бийиктеги тоолуу аймактарда жайгашкан.

Кыргызстандын тоолору - лыжа тебүүнү жаңы үйрөнүп жаткан же лыжа тебүүнү мыкты билген адам үчүн мыкты жер. Көптөгөн тоолордун боорлорунда ар ким өзүнө ыңгайлуу ылдамдыкта лыжа тебе алат.

Альпинизм

Кыргызстан тоолуу өлкө болгондугунан, чет өлкөлүк туристтерди тоолор абдан кызыктырат. Дүйнөлүк туристтик рыногунда альпинисттик туризм чоң суроо-талапка ээ. Туристтик тейлөө боюнча дүйнөлүк рынокто туристтерди Памир, Тянь-Шань, Алтай жана башка тоолуу райондордогу маршруттар тартат. Бийик тоолор, мөңгүлөр, чуңкурлар, көлдөр, дарыялар Кыргызстанда альпинизмди, спелеологияны, тоо лыжа туризмин, раффтингди, треккингди өнүктүрүүгө мүмкүнчүлүктөрдү түзөт.

Экологиялык туризм

Өлкөдөгү өзгөчө корголгон аймактар, коруктар жана табигый сейил бактар экологиялык туризмди өнүктүрүүгө чоң мүмкүнчүлүктү түзөт. Биосфералык аймактарды куруу экологиялык туризмди өнүктүрүүгө перспективалуу варианттардын бири болуп саналат. Бүгүнкү күнү Кыргызстандын аймагында 3 биосфералык аймак, 6 корук, 6 сейил бак, 74 корукча бар. Булардын баары экологиялык туризмди өнүктүрүүгө ири потенциалга ээ. Ал эми тоолуу аймактын табигый ландшафты тоо лыжа туризмин, рафтингди жана треккингди өнүктүрүш үчүн жакшы мүмкүнчүлүктү түзүп берет. Мисалы, "Хан-Теңири" мамлекеттик жаратылыш паркы. Жаратылыштын уникалдуу комплекстерин жана биологиялык ар түрдүүлүуктөрдү жана өсүмдүктөр дүйнөсүн коргоо, Кыргыз Республикасынын өзгөчө корголуучу жаратылыш кеңейтүү максатында, Кыргыз Республикасынын Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районунда жайгашкан "Хан-Теңири" мамлекеттик жаратылыш паркы уюштурулган. 

Тарыхий-маданий туризм

Кыргызстан жергиликтүү калктардын тарыхы жана маданияты жөнүндө билимге кызыккан туристтер үчүн абдан ыңгайлуу жер.Өлкөнүн аймагында 5 миңден ашуун тарыхий жана маданий эстелик бар. Алардын арасында Алгачкы адамдар жашаган чуңкурлар, тоо таштарындагы уникалдуу жазуулар, таң каларлык петроглифтер, таштан жасалган буюмдар,орто кылымда курулган сепилдер бар. Бул эстеликтерди изилдеп Кыргызстандын тарыхы менен жакыныраак таанышса болот. Эң маанилүү археологиялык жана архитектуралык эстеликтерге төмөнкүлөр кирет: Сулайман-Тоо, Өзгөн архитектуралык комплекси, Бурана мунарасы, Шах-Фазиль мавзолейи, Таш-Рабат кербен-сарайы. 

Бурана мунарасы Чүй өрөөнүндөгү Tокмок шаарынан 15 чакырым түштүк-батышта жайгашкан. Мунара Жетисуудагы түрктөргө ислам тарала баштаган мезгилде, Х кылымдын аягы – ХI кылымдын башында курулган. Анын бийиктиги 14 метр, түбүнүн диаметри 9 метр, төбөсүнүкү 6 метрге жакын. Башынан салынганда анын бийиктиги 44-48 метр болгон.

Ак-Бешим шаарчасы. Буранадан 6 чакырым түндүк-батыш тарабында Ак-Бешим шаарчасы (Суяб) жайгашкан. Бул аймак VI-VII кылымдары Чүй өрөөнүнүн маданий жана экономикалык борбору болгон.

Краснореченск шаарчасы - Бишкектен 38 чакырым чыгыш тарабында жайгашкан Невакет илгерки шаарынын калдыктары. Краснореченск шаарчасы V-Х кылымдардагы отурукташкан турмуштун үлгүсү.

Таш-Рабат - ХV кылымдагы кербен-сарайы.

Кошой-Коргон шаарчасы Ат-Башыдан 20 чакырым батыш тарабында жайгашкан. Шаарча аянты 250х250 метрге барабар илгерки сепилдин урандысы болуп көрүнөт. (VIII-Х кылымдар)

"Манас" күмбөзү - Талас шаарынан 20 чакырым чыгыш тарапта жайгашкан. ХIV кылымдагы архитектуранын эстелиги.

Ош шаары - эң байыркы азиялык шаарлардын бири. 3000 миң жыл мурун Бара-Кух тоонун этегинде адам жашай турган жайлар салына башталган. ХIV кылымда тоонун астында Сулайман-шейх көмүлгөн. Мындан кийин тоо Сулайман-Тоо (Тахт-и-Сулайман) деп аталып, бүгүнкү күнгө чейин ыйык жер деп саналат.

Өзгөн - Кыргызстандын аймагындагы байыркы шаар. VIII-IХ кылымдары Самарканддан Кашгарга өтчү кербен жолунда жайгашкан зор сепил болгон. ХI-ХII-кылымдары Өзгөн Фергананын борборуна айланган.

Кара-Дарыя шаарчасы - Кушан маданиятынын үлгүсү. Өзгөн жана Кара-Кулжа шаарларынын ортосунда Кара-Дарыя шаарчасы (III-IV кылымдары) жайгашкан. 

Шоробашат - Өзгөн жана Жалал-Абад шаарларынын ортосунда Шоробашат шаарчасынын урандысы жайгашкан. Биздин эрага чейинки 4-5-кылымдары Шоробашат административдик-аскердик жана диний борбору болгон. 

Каракол шаары - 1869-жылдан тарта Орусиянын Ысык-Көлдөгү форпосту болгон. 1892-жылы белгилүү орусиялык саякатчы жана изилдөөчү Пржевальскийге эстелик салынган. Караколдогү белгилүү архитектуралык эстеликтерге төмөнкүлөр кирет: Дунган мечети (19-кылым), Христиандардын чиркөөсү (1871-жылы салынган).

Петроглифтер музейи – Чолпон-Ата шаарында (Ысык-Көлдүн түндүк жээгиндеги шаар) петроглифтер музейи бар.

200 миң саптан турган "Манас" улуу эпосунда кыргыз элинин тарыхы чагылдырылат. Бул чыгармада элдин эркиндикке болгон сүйүүсү, эрдиги, улуу идеялар үчүн күрөшүүсү көрсөтүлөт.

Европалык туристтер үчүн эң таң каларлык кыргыз салты - бул конок тосуу салты. Илгери үйдүн ээси мейманга ал жактырып калган буюмду (килем, пиала, камчы, ээр ж.б.) берчү. Анткени көчмөн эли үчүн мейман абдан сыйлуу адам болгон. Мейман аркылуу көчмөн эли дүйнөдө эмне болуп жатканы тууралуу кабардар болуп келген. Меймандар жаңы ырларды, жомокторду, аңмелерди айтып берчү.