18 июнь, 12:02, Бишкек сааты
18 июнь, 14:02, Куала-Лумпур сааты
Элчилик Кыргыз Республикасы Консулдук бөлүм Жаңылыктар Пайдалуу шилтемелер
1 марта, 10:00

Кыргыз делегациясы Малайзиянын билим берүү системасы менен таанышып чыкты

28-февралда Малайзиядагы Кыргыз Республикасы элчилигинин уюштуруусу менен КР Жогорку Кеңешинин депутаты Абдывахап Нурбаев жетектеген делегация Малайзияга барган иш сапардын жүрүшүндө, аталган өлкөнүн Билим берүү министрлигинин жетекчилиги жана Эл аралык ислам университетинин проректору менен жолугушууларды өткөрүштү.

Малайзиянын Билим берүү министрлигине барган учурда кыргыз делегациясы билим берүү министринин орун басары Аминудин бин Адам менен жолугушуп, анда малайзиялык тарап Малайзиянын билим берүү системасынын өзгөчөлүгү, билим берүү түзүмдөрүнө киргизилген жаңычылдыктар тууралуу  маалымат берди.

Жолугушуунун интерактивдик бөлүгүндө кыргыз депутаты Абдывахап Нурбаев Кыргызстандын билим берүү системасынын бүгүнкү абалы жөнүндө айтып берип, Кыргызстан Малайзиянын билим берүү чөйрөсүндөгү тажрыйбасын үйрөнүүгө кызыкдар экенин белгилеп өттү. Ошондой эле суроо-жооп форматында эки тараптуу кызыктуу дискуссия уюштурулду. Андаң соң кыргыз делегациясы үчүн Путраджай шаарындагы 9\1 Улуттук орто мектебине тааныштыруу визити уюштурулуп, анда кыргыз тарап мектептеги билим берүүнүн өзгөчөлүгү, андагы шарттар менен жакындан  таанышууга мүмкүнчүлүк алышты.

Жолугушуунун жүрүшүндө,  кыргыз делегациясы Малайзиянын жогорку окуу жайынын жетекчилиги менен да жолугушуп, сүйлөшүүлөрдү өткөрдү. Тагыраагы, Эл аралык ислам университетинин проректору Абделазиз Бергхут жана окуу жайдын 12 факультетинин деканы менен жолугушуу өттү. Анда А. Бергхут университеттин Малайзиядагы жана эл аралык аренадагы ролуна токтолуп, эки өлкөнүн ЖОЖдору ортосунда кызматташуу жаатында сүйлөшүүлөр, пикир алмашуулар жүрдү.

Жолугушуунун аягында Жогорку Кеңеш депутаты Абдывхап Нурбаев Малайзиянын Эл аралык ислам университетинин жетекчилигине ыраазычылык билдирип, Кыргызстандын  студенттеринин Малайзиянын Эл аралык ислам университетинде билим алууларына кызыкдар экендигин  кошумчалады.

Бардык жаңылыктар