23 октябрь, 20:34, Бишкек сааты
23 октябрь, 22:34, Куала-Лумпур сааты
Элчилик Кыргыз Республикасы Консулдук бөлүм Жаңылыктар Пайдалуу шилтемелер
3 августа, 10:00

Кыргыз Республикасынын "Электрондук виза" жөнүндө ТИМдин маалыматы

2017-жылдын 1-сентябрынан тартып Кыргызстанда «Электрондук виза» системасы иштеп жатат.

«Электрондук виза» биздин өлкөгө чет өлкөлүк туристтердин жана бизнесмендердин келишин кыйла жеңилдетип, виза алуу убактысын жана материалдык чыгымдарын кыскартты.

Система иштегенден бери, электрондук жол аркылуу ар түрдүү категориянын 20 миң визанын берилиши, “Электрондук визанын” ийгиликтүү иштеп жатканынан кабар берет.

Белгилей кетсек, жайкы туристтик мезгилде берилген тапшырыктардын саны кескин көбөйүп кеткени байкалат (январь-1301, февраль – 1167, март - 2049, апрель – 1249, май - 3505, июнь – 4149, июль – 5672).

Берилген электрондук визалардын статистикасы, чет элдик туристтер, чет өлкөлөрдүн жарандарын чакырган ата мекендик компаниялар тарабынан системага болгон талап жогорулап жана кеңири пайдаланылып жатканын көрсөтөт.

Ошол эле убакта, электрондук виза алуучулардын санынын өсүшү менен, берилген тапшырыктын мөөнөтүнө жана электрондук виза берүүдөн баш тартууга байланышкан нааразычылыктар да келип чыгууда.

Буга байланыштуу, Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги төмөнкүлөргө көңүл бурууну зарыл деп эсептейт.

Электрондук визалар Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 15-мартындагы №155 токтому менен бекитилген “Виза берүүнүн жана тариздөөнүн тартиби жөнүндө” Нускамасына ылайык жасалат.

Көрсөтүлгөн Нускамага ылайык, электрондук виза берүүнүн мөөнөтү, Нускамада каралган бардык документтерди алуу жана тиешелүү талапта тариздөөнү эске алганда, 3 жумушчу күнүн түзөт.

Дем алыш жана майрам күндөрүндө, жумушчу эмес күндөрдө тапшырыкты кароо, кийинки жумушчу күнү саат 9.00дөн башталат.

Ошону менен бирге, төмөнкү факторлого байланыштуу, белгиленген мөөнөттүү сактабай калган учурлар кездешет:

Берилген ходатайстволордун көпчүлүгү ката жазылган болот (анкеталык маалыматтарын туура эмес толтуруу (Ф.И.О., туулган күнү, паспортунун номери, телефон номери жана дареги);

- сапатсыз сүрөтү жана көрүнүшү начар паспортунун тиркелиши;

- виза алууну каалагандар Нускамада көрсөтүлгөн документтерди толук тапшырышпайт;

- чакырган уюмдар жарактуу мөөнөтү өткөн документтерди беришет (ходатайство берген уюмдун Социалдык фондго жана Салык кызматына карызы жоктугу жөнүндө);

- айрым тапшырыктар, коопсуздукка байланыштуу, көбүрөөк убакытка иликтенет;

- “Электрондук виза” системасынын оператору тапшырык берүүчүлөрдүн каталарын оңдоого аргасыз болгондуктан, көрсөтүлгөн тапшырыкты иштеп чыгуу үчүн көп убакыт талап кылынып, акыр аягында визаны өз учурунда жана ыкчам берүүгө тескери таасирин тийгизет;.

Жогорку айтылгандарга таянып, Кыргыз Республикасынын ТИМи  www.evisa.e-gov.kg  сайты аркылуу электрондук виза алуу тапшырыгын толтурууда бардык маалыматтардын кылдат текшерилишине жана талап кылынган документтер тиешелүү деңгээлде берилгенине ишенгендей болууларын өтүнөт.

Материалдык чыгымдарга кириптер болбош үчүн, Министрлик электрондук визанын жактырылганы тууралуу маалымат алганга чейин Кыргыз Республикасына авиабилет албай турууларын өтүнөт.

Кошумча маалыматтарды “Электрондук виза”  www.evisa.e-gov.kg сайтынан, ошондой эле evisa.kg@gmail.com.  дарегине электрондук билдирүү аркылуу биле аласыздар.

Бардык жаңылыктар